Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Башына ээр токум жаздады. || Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев). || Астына кандайдыр бир нерселерди атайын таканчык, жаздык катары коюу, төшөө, жөлөө. Дөңгөчтү жаздап коюп суу талдарды керте баштады. Колун чекесине жаздап ойлуу отурду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракетттин аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз жерден жеткирилбей калган абалын билдирүүдө колдонулат. Колдон китеп ыргып кете жаздады (Токомбаев). Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров).